Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Орусияда кыргызстандык соодагерлер менен санитардык милиция кызматкерлери чатакташканы тууралуу маалымат түштү


БИШКЕК. 3-мартта Орусиянын Кемерово облусунун Междуреченск шаарында соода кылган кыргызстандык жарандар менен бул шаардын санитардык милициясынын ортосунда чатак болду. Ал тууралуу ушул күнү «Азаттыкка» соодагер Койчуман Момункулов билдирди. «Чатак милициянын ага лейтенанты Винников Сергей Александровичтин күнүнө алып жүрүшкөн пара акчасынын суммасын эки эсеге көбөйтүүнү талап кылгандыгынан улам чыкты. Кыргыз жарандары милиция кызматкерлеринин талап-тоноосу, көрсөткөн кордугу күчөп жаткандыгын айтып, чара көрүүнү суранып, шаардын прокуроруна арызданышты жана Кыргызстандын Свердлов шаарындагы консулуна билдирүү жиберишти», - деди ал. К. Момункуловдун айтымында, чатак кыргызстандык 50дөн ашуун соодагердин жана орусиялык 10 милиционердин ортосунда болду. Милиционерлер кыргыз жарандарынын аракети боюнча протокол түзүшүп, 4-мартта сотко чакырышты. Бирок алар чатакка катышкан канча кишиге протокол түзүлгөндүгүн так айтышкан жок. Междуреченск шаарынын прокуроруна жолдогон арызга кыргызстандык 33 жаран кол койгон. Ал эми буга чейин күнүнө ар бир соодагерден 30 рублдан 100 рублга чейин акча алып жүргөн милиционерлер бул күнү 150дөн 300 рублга чейин берүүнү талап кылышкан.
Орусиянын Кыргызстандагы элчисинин жардамчысы Валентин Гусев элчиликте бул тууралуу эч кандай маалымат жок экенин кабарлады. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Руслан Умарбеков да мындай окуя тууралуу биринчи жолу укканын айтып, бул кабарды тактай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG