БИШКЕК. Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев баштаган аскердик делегациясы 5-марттан 8-мартка чейин Түркияда расмий иш сапары менен болот. Мындай кабар 3-мартта Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан алынды. Ал маалыматка караганда, визит учурунда Эсен Топоев Түркиянын коргоо министри Вежди Тонул, бул өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси, армия генералы Хилми Озкок менен жолугушат. Иш сапарынын учурунда Кыргызстан менен Түркиянын Коргоо министрликтеринин ортосундагы кызматташуу, тактап айтканда, аскер тарыхы, архив жана басма жаатында кызматташуу боюнча протоколго кол коюлат.