Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Шерали Акботоевдин апелляциялык арызын Баткен облустук соту 11-мартта карамак болду


БАТКЕН. Облустук соттун төрагасы Табылды Жусубалиевден 3-мартта алынган маалыматка караганда, Баткен райондук сотунун чечими менен өткөн айдын башында 25 жылга эркинен ажыратылган Шерали Акботоевдин апелляциялык арызын кароо 11-мартка белгиленди. Облустук сотко жолдогон апелляциялык арызында ал мындай оор жазага макул эместигин билдирип, жазасын жеңилдетип берүүнү өтүнгөн.
Баткендин Карабак айылында туулуп-өскөн 41 жаштагы Шерали Акботоев, 1999-жылы өздөрүн «Өзбекстан Ислам Кыймылы» деп атаган куралдуу топ Кыргызстандын түштүгүнө кол салган учурда үй-бүлөсү менен кошо анын катарына кошулуп кеткен.

XS
SM
MD
LG