Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:38

Жогорку Сот жарандардын доо арыздарын кароону убактылуу токтотту


БИШКЕК. 27-февралдан тартып өлкөнүн Жогорку Соту жарандардын доо арыздарын кароону токтотту. Арыздарды кароо «Соттордун статусу» жана «Жогорку Сот» жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизилгенге чейин жүргүзүлбөйт. Бул туурасында 3-мартта Жогорку Соттун аппарат башчысы Зинаида Буслаева билдирди. Анын айтымында, азыр Жогорку Сотто Конституциянын жаңы редакциясына ылайык кайра түзүү иштери жүрүп жатат. Башмыйзамдын жаңы редакциясына ылайык Жогорку Сот менен Арбитраждык Сот биригиши керек. «Жогорку Сот тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорлорун парламентке жиберди жана алардын тезирээк карала турганына үмүттөнөт», деп белгиледи Зинаида Буслаева.

XS
SM
MD
LG