Израилдик аскерлер Газа секторундагы Ал-Бурейж качкындар лагерине жасаган таңкы жортуулу учурунда “Хамас” уюмунун лидери Мохаммед Таханы жана анын үч уулун камакка алышты.
Таханы колго түшүрүү операциясы маалындагы салгылашууда палестиналык сегиз жаран өлтүрүлгөн, 40-тай адам жарадар болгон. Кабарчылардын билдиришинче, жөөт аскерлеринин огуна кабылып өлгөндөрдүн экөөсү өспүрүм балдар. Бир аял израилдик жоокерлер согушчан деп шектелген адамдардын үйлөрүнү жардырып жатышканда урандылар астында калып мерт болгон.
Палестина өкмөтүнүн мүчөсү Саеб Эрекат израилдик аскерлердин жортуулун айыптап, мындай деди:
- Биз Ал-Бурейж качкындар лагеринде өткөн түнү жасалган жаңы кылмышты өтө катуу айыптайбыз. Жортуул учурунда 10 адам өлтүрүлдү. Бул акыркы 24 саатта палестиналык 16 жаран өлтүрүлдү дегенди билдирет.
Израил армиясынын билдиришинче Таха жана анын уулдары израилдиктерге каршы уюштурулган көптөгөн кол салууларга жооптуу.
Жекшемби күнү Израилдин коргоо министри Шаул Мофаз армия палестиналыктардын Газа секторундагы куралчан топторуна, өзгөчө, жөөттөргө каршы чабуулдарга жооптуу “Хамас” уюмуна каршы күрөштү күчөтөт деп эскерткен.