Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:00

Халид Шейх Мохаммед сурак бере баштады


Өткөн аптада Пакистандын Равалпинди шаарында кармалган “Алкаида” уюмунун жетекчилеринин бири Халид Шейх Мохаммед суракка алынып жатканын Пакистандын тышкы иштер министринин өкүлү Азиз Ахмед Хан билдирди:
- Ал азырынча Пакистанда калууда. Аны биздин бийликтер суракка алууда. Ал Пакистандын аскерий чалгындоо агенттиги жана укук коргоо кызматтары тарабынан камакка алынган болчу.
Маалымдоо министри Шейх Рашид мурда билдиргенге караганда, Мухаммедди АКШлык агенттер да суракка алышууда.
2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардын негизги уюштуруучусу деп шектелген Мохаммеддин колго түшүрүлүшүн АКШнын бийликтери “Алкаида” уюмуна каршы күрөштөгү чоң ийгилик катары баалашууда. Сенаттын Чалгындоо комитетинин төрагасы, сенатор Пэт Робертстин сөзүнө караганда:
- Бул “Алкаида” үчүн өтө чоң жоготуу болду. Бул окуя жай айларында Ооганстанда жаңы чабуулду баштоону мерчемдеп жаткан “Алкаида” үчүн эскертүү болушу керек. Алардын операцияларды ишке ашырчу командирлери жетекчисиз калышты.

XS
SM
MD
LG