Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:16

Түркия парламентинин чечими чыгашага себеп болду


Түркиянын саясый жетекчилиги бүгүн кайра кезексиз жыйынга чогулат деп күтүлүүдө. Жыйында парламенттин болжолдонуп жаткан Иракка каршы согушта америкалык аскерлердин Түркиянын базаларын пайдалануусуна каршы добуш берүүсүнөн улам түзүлгөн жагдай талкууланат.
Башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясы өлкө парламентинде көпчүлүктү түзгөнү менен, депуттар ишемби күнү сессияда АКШлык 62 миң чамасындагы аскердин Түркияга жайгаштырылуусуна каршы добуш берген.
Анкара ушундан улам Вашингтон компенсация иретинде берчү көп миллиард долларлык жардамдан кол үзгөнү турат.
Анкара Кошмо Штаттарынын көп миллиард долларлык жардамын албай калат деген чочулоо Түркиянын баалуу кагаздар рыногуна тескери таасир этти. Бүгүн Түркиянын фондулук рыногунда баалуу кагаздар 12 процентке аз сатылган.
Европадагы АКШлык күчтөрдүн башкы командачысы Жеймс Жонс билдиргенге караганда, Түркиянын америкалык 62 миң аскерди өз жеринде жайгаштыруудан баш тартуусу Иракка каршы согуштун планына таасир этпейт.
Жонстун сөзүнчө, аскерлерди Түркияга жайгаштыруу Кошмо Штаттарына согуштук артыкчылык берсе да, чечүүчү мааниге ээ эмес.
- Биз түндүк фронтун ачууну каалаганбыз жана андай максатыбыздан баш тарта элекпиз. Бул ийгилик үчүн өтө эле чечүүчү мааниге ээ эмес, бирок, маанилүү болчу деген ойдомун. - деп билдирди генерал Жонс Европадагы америкалык күчтөрдүн Штуттгарттагы штаб квартирасында жасаган билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG