Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Орусиянын аскердик базасын Кантта жайгаштыруу боюнча документтер даярдалып жатат


БИШКЕК. Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмунун алкагында Орусиянын аскердик-аба күчтөрүн Кант аба майданында жайгаштыруу боюнча Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда түзүлө турган келишимдин долбоорун даярдоо иши тынымсыз жүрүп жатат. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаев шейшембиде кабарлады. Анын айтымында, келишимде Кантка жайгаша турган орус аскер базасынын аскерлеринин укуктук статусу, ал базада эмгектене турган жергиликтүү жарандардын укуктары, аскер базасын каржылоо маселелери камтылат. Бул келишимге Орусия менен Кыргызстандын президенттери апрель айынын аягында Дүйшөмбү шаарында өтө турган Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмунун президенттеринин саммитинде кол коюшу күтүлөт. Андан кийин ал келишим эки мамлекеттин парламенттерине ратификациялоого жиберилмекчи. Орусиянын аскердик учактары өткөн жылдын аягында Кант аба майданына келип конгон. Учкучтар аба майданынын абалын жогору баалашкан.

XS
SM
MD
LG