Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Укук коргоочу менен өкмөт башчысынын соту кайра башталды


БИШКЕК. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 4-мартта укук коргоочу Турсунбек Акундун премьер-министр Николай Танаевге каршы берген доо арызын кароону улантты. Соттун жүрүшүндө Турсунбек Акун Николай Танаевдин жеке өзүнүн сотко келишин камсыз кылбагандыгы үчүн судья Мадина Давлетбаевага ишеним көрсөтпөй тургандыгын 6-ирет жарыялады. Бирок сот ишти кароону Танаевдин адвокаты Николай Жучковдун катышуусунда улантты. Сот жараянынын жүрүшүндө адвокат Жучков каралып жаткан ишке Аксы окуясын иликтеген өкмөттүк комиссиянын корутундусун тиркөөнү сунуш кылса, Турсунбек Акун Исмаил Исаков башында турган депутаттык комиссиянын корутундусун тиркөөнү сунуштады. Сот бул сунуштарды кабыл алды. Андан кийин судья Давлетбаева ишти кароо 11-мартта уланаарын жарыя кылды.
Укук коргоочу Турсунбек Акун «кыргыз өкмөт башчысы Николай Танаев «каерде Турсунбек Акун болсо, ал жерде чаң-тополоң жана кан төгүү болот», «Турсунбек Акун чет мамлекеттерден алган акчасын ушундай жол менен актап атат» деген сөздөрү менен адамдык ар-намысыма доо кетирди» деп, моралдык зыян тарткандыгы үчүн өкмөт башчысынан өз пайдасына 1 млн. сом өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG