Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңеш түзүлдү


БИШКЕК. 4-мартта президент Аскар Акаев Өкмөт Үйүндө демократиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жыйын өткөрдү. Анда Кыргызстандын Коңституциясынын жаңы редакциясындагы адам укуктары жөнүндөгү жаңы жоболорду элге толук жеткирүү, элди ынтымакка чакырып, саясий туруктуулукка жетишүү үчүн демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңеш түзүлдү. Курамы 29 адамдан турган кеңештин төрагалыгына академик Мирсаид Миррахимов дайындалды. Коомдук кеңештин алдына демократиялык кодексти иштеп чыгуу милдети коюлду. Жыйында айтылган маалыматка караганда, кодекстин долбоору 6-мартта боло турган жалпы элдик курултайга чейин даярдалып, анын делегаттарынын талкуусуна коюлат. Коомдук кеңештин курамында саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, депутаттар жана жер-жерлерден чакырылган ардагерлер бар.

XS
SM
MD
LG