Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

ЕврАзЭСтин парламентарийлери чек арада кызматташуу маселесин карашат


БИШКЕК. 5-мартта Москва шаарында Евразия Экономикалык Шериктештигинин парламент аралык ассамблеясынын демилгеси менен «Евразия Экономикалык Шериктештигине кирген мамлекеттердин чектешкен чек араларында кызматташуу» деген темада парламенттик угуу өткөрүлөт. Ага Кыргызстандан Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Лев Васильев менен Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Тажиниса Абдрасулова катышмакчы. Парламенттик угууда кыргыз депутаты Лев Васильев чек араларда кызматташууга жолтоо болуп жаткан факторлорго өзгөчө басым жасамакчы. Маселен, ал чек ара райондорунда соода жүргүзүүгө өзбек тарап коюп аткан бөгөттөр, кыргызстандык жүк ташуучу транзиттик автомашиналарга казак тарап киргизген төлөмдөр региондогу жалпы кызматташууга терс таасирин тийгизип жатканын белгилемекчи. Бул тууралуу маалымат шейшембиде Эл өкүлдөр жыйынынын эл аралык жана парламент аралык кызматташуу комитетинен алынды.

XS
SM
MD
LG