Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Словакиянын президентинин Кыргызстандагы расмий иш сапары башталды


БИШКЕК. 3-мартта Словакиянын президенти Рудольф Шустердин Кыргызстандагы расмий иш сапары башталды. Бүгүн ал президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, Жогорку Кеңештин кош палатасынын спикерлери Алтай Бөрүбаев жана Абдыганы Эркебаев менен жолугушту. Жолугушууларда эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык байланыштарды жакшыртуу, анын ичинде билим берүү, маданият, илим жана айыл чарба тармактарында кызматташууну чыңдоо жөнүндө сөз болду. Словакиянын делегациясы менен Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрүнүн жолугушуусунан кийин, Кыргызстандын Мамлекеттик стандарт агенттиги менен Словакиянын Стандартизация, метрология жана сыноолор боюнча башкармалыгынын ортосунда макулдашууга кол коюлду. Словакиянын президенти Рудольф Шустердин иш сапары 5-мартта да уланып, ал Ысыккөл облусунда болот.
Айтмакчы, Словакиянын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Александр Дубчектин Кыргызстанда жашаган үйү музейге айландырылат. Бул тууралуу 4-мартта президент Аскар Акаев Словакиянын президенти Рудольф Шустер менен жолугушуу учурунда билдирди.
Алексанр Дубчек Кыргызстанга 4 жашында, 1925-жылы келген. Анын ата-энеси Фрунзе шаарында Интергельпо кооперативин түзгөн чехоловакиялык 300 коммунист-интернационалчылардын бири болгон жана Чехословакияга кайра 1938-жылы көчүп кетишкен. Александр Дубчек «Адам жүздүү социализм» деген концепция түзүп, «Чехословакиядагы реформачыл коммунизмдин символу» катары таанылган. Анын концепциясы коммунисттик өлкөлөргө гана эмес, Америкада менен Батыш Европага да жайылып, атагы алыска кеткен.

XS
SM
MD
LG