Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:38

АКШ менен Түштүк Кореянын аскерлери бүгүн биргелешкен аскердик машыгууларын башташты


СЕУЛ. Машыгуулар 1961-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келатат. Бирок бул жолу аскердик окуу Түндүк Корея өзөктүк программасын жанданткандан кийин жүргүзүлүүдө. Жекшемби күнү Түндүк Кореянын төрт аскердик учагы Американын эл аралык мейкиндикте учуп жүргөн тыңчы учагын кармаганга аракеттенишкен. АКШ түндүк корей кыруучу учактары тыңчы учакка ок атпаганын жана америкалык учак Япониядагы аскердик базага аман-эсен кайтып келгенин билдирет. Ошого карабастан, Америка Түндүк Кореяга расмий нота билдирүүгө ниеттенип жатат. Мындан мурда Түндүк Корея АКШ менен Түштүк Кореянын машыгуусу Түндүк Кореяга агрессия жасоо максаты менен өткөрүлүп жатканын билдирип, машыгуулардын токтотулушун талап кылган. Бирок Япония учактарга байланышкан окуя абалды татаалдаштырбашы керек деп билдирет.

XS
SM
MD
LG