Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

Филиппинде болгон террордук акттан бери дегенде 19 киши курман болуп, 100дөн ашык киши жарат алды


МАНИЛА. Окуя Давао шаарынын аэропортунда болгон. Маалыматтарга караганда, эл жык толгон аэропорттун ичинде рюкзакка салынган бомба жарылган. Жардыруу болгон учурда, аэропортто жүргүнчөлөрдөн сырткары нөшөрлөгөн жаандан коргологон сандаган кишилер бар эле. Өлкөнүн президенти Глориа Арройо кол салууну кескин сынга алып, террактка байланыштуу бир нече шектүү киши суракка алынып жатканын билдирди. Жардырууну АКШын президенти Буш да сынга алды. Маниладан 1000 чакырымча жерде жайгашкан Даваодо христиан динин туткан калк отурукташкан.

XS
SM
MD
LG