Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:36

Жер түбүндөгү суулар Кыргызстандын аймагындагы чукул кырдаалдарга себепкер болууда


БИШКЕК. 2002-жылы Кыргызстандын аймагында жер алдынан чыккан суудан жана суу ташкынынан 378 чукул кырдаал түзүлгөн. Ошол эле учурда өлкөнүн айрым аймактарында жер алдынан чыккан суунун жайылып баратканы аныкталган. Мындай коркунуч өлкө боюнча 185 айылда катталган. Бул тууралуу шаршемби күнкү өкмөттүн жыйынында Кыргызстандын экология жана чукул кырдаалдар министринин орун басары Болот Айдаралиев билдирди. Жыйындын соңунда бул багыттагы коркунучту азайтуу тиешелүү министрликтерге тапшырылды. Ошондой эле өкмөттүн жыйынында Жалалабад шаарындагы кондоминиумдарга байланыштуу маалымат угулду. Шаар акими Болотбек Жумабековдун айтымында, шаарда азыр көп кабаттуу 196 үйдү бириктирген 71 кондоминиум иш жүргүзүп жатат. 2003-жылы буга чейин шаар жетекчилиги кондоминиумдарды колдоо максатында 100 миң сом, ал эми чет элдик финансылык уюмдар грант түрүндө 812 миң сом өлчөмүндө жардам беришти.

XS
SM
MD
LG