БИШКЕК. Чүй облустук жарандык коргонуу штабынан алынган маалымат боюнча, Токмок шаарынын чек-жакасында, Чүй айылында, Ысыката, Аламүдүн райондорундагы ойдуң жерлердеги айыл-кыштактарда жана Чүй өрөөнүнүн батыш тарабындагы Карабалта шаарында, Сокулук районундагы Камышановка, Манас айылдарында жер алдынан чыккан суунун кесепетинен көптөгөн турак-жай имараттары урап калуу коркунучунда турат. Үйлөрдүн нымдашып сыз тартканынан улам айыл тургундарынын арасында ар түрдүү оорулар да көбөйүүдө. Жер алдынан чыккан суунун себеби - Союз учурунда курулган коллектордук-дренаждык системалар учурунда кароосуз калып, жергиликтүү аткаруу бийлиги тарабынан көзөмөлдөнбөй калган.