НЬЮ ЙОРК. Бул жөнүндө уюмдун отчетунда айтылат. Эл аралык эксперттер суунун азайышынын негизги себеби катары калктын көбөйүшүн, атмосферанын булгануусун жана Жер шарындагы температуранын жогорулап баратканын аташат. Документте 122 өлкөнүн суу ресурстары жана өлкөлөрдүн суу проблемасын чечүүгө багытталган программалары жөнүндө маалымат камтылган. Документке ылайык, суунун аздыгынан азыр баарынан көп Бельгия жабыр тартууда. Андагы жагдай Индия, Судан жана Руанданыкынан да татаал.