ВАТИКАН. Бул кайрылуусун папа Иоанн Павел II бүгүн Ватиканда апталык аудиенциясында жасады. Ал католиктерди Иракта согушту болтурбоосун Кудайдан суранууга чакырды. Мындан мурда Папа Иракка согуш ачууга эч кимдин мыйзамдуу укугу жок экенин белгилеп, Ирак күч колдонбостон куралсыздандырылууга тийиш деп билдирген.