Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Орусия, Германия жана Франция Иракка каршы аскердик күч колдонууга жол ачкан резолюцияга жол бербей тургандыктарын билдиришти


ПАРИЖ.Өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Игорь Иванов, Йошка Фишер жана Доминик де Вильпен курал инспекторлору Ирактагы ишин улантууга тийиш деп эсептешет.Де Вильпен Орусия менен Франция коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү катары АКШ менен Британия сунуш кылган резолюцияга вето койо турганын кыйытты.
Кечээ кечинде АКШнын тышкы иштер министри Колин Пауэлл Иракка каршы аскердик операция Коопсуздук кеңешинин чечимисиз эле башталашы мүмкүн экенин жана АКШ ага башчылык кылууга даяр экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG