Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

Израилдин Хайфа шаарындагы терракттан 15 киши курман болуп, 40дай киши жараат алды


ХАЙФА. Террорчулар жүргүнчүлөргө жык толгон автобусту жардырышкан. Шаар полициясынын башчысы Яков Боровский кол салууну жан кечти террорчу жасаганын билдирет. Окуяны көргөндөр жардыруудан автобустун чатыры жулунуп кетип, өрт чыкканын айтышат. Палестин жетекчилиги террактты кескин сынга алып, кол салуу акыркы 2 айдын ичинде 150 карапайым палестиндин курман болушунан коомчулуктун көңүлүн алагды кылуу үчүн жасалды, деп билдирди. Ал эми Израил өкмөтүнүн өкүлү Раанан Гиссин кол салуу палестин жетекчилиги террорчуларга каршы чара көрбөгөнүн дагы бир жолу ырастаганын айтат.

XS
SM
MD
LG