Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:41

МАРТИН БУЛЛА: "ЖАКШЫ АДАМДАРДЫ БАЗАРДАН ЖОЛУКТУРДУМ"


Кыргызстанда окуп, жакшы адамдарды базарда жолуктурган, паракорлукту кыргыздардын эң башкы көйгөйү деп эсептеген, Бишкектеги Америкалык Университетти Прагадагы Нью-Йорк Университетинен кыйла күчтүү деп билген чех студенти менен маек.

Жаңыл Жусубжан: Бишкектеги угармандарыбыздын айрымдары былтыр студенттердин арасынан орусча буруп сүйлөгөн, шыңга бой, ийнинен ылдый түшкөн алтын түстүү тармал чачын бууп, артына таштап койгон жигитти көрө калып жүрүшкөн болушу мүмкүн. Мына ошол жигит - Мартин Булла бүгүн "Турмуш белестеринде" конокто. Мартин Прагадагы Нью-Йорк университетинин үчүнчү курсунун студенти. 2002-жылы Сорос фондунун стипендиясы менен Борбор Азиядагы Америкалык университетте бир семестр окуп келди.

Алгач мен Мартинден Кыргызстанда жүргөндө кайсы окуялар эсинде калганын, эмнеге өзгөчө таң калганын сурадым. Маегибиз кээде орусча, кээде англис тилинде жүрдү.

Мартин Булла: Мени саясат, Көз карандысыз күнү сыяктуу окуялар таң калтырды. Мындай нерселер бизде коммунизмдин тушунда болчу. Бул майрамды көргөндө, мында турмуш "Прагада 89-жылы (коммунизм кулаганга чейинки) убактагыдай турбайбы",- деп ойлодум.

Жаңыл Жусубжан: Кыргызстанда дагы бир нерсе - элдин көбү орусча сүйлөгөнү да сага коммунизмди эске салган болушу керек. Чехословакияда мажбурлап орусча окутушчу эмес беле?

Мартин Булла: Мен Бишкекке баратканда эле элдер орусча да, кыргызча да сүйлөшөөрүн билгем. Анын үстүнө (Кыргызстанга) бир чети орусча үйрөнөйүн деген ой менен баргам.

Жаңыл Жусубжан: Мага бирөөлөр "орус тилин үйрөнүш үчүн Кыргызстанга барыш керек" деген эле. Силердин сөзүңөр мунун чын экенин далилдеп турат.

Мартин Булла: (күлүп) Жакшы айтыптыр.

Жаңыл Жусубжан: Кыргызстанда кайсы жерлерде болдуң? Кандай өзгөчөлүү адамдарды учураттың?

Мартин Булла: Өзгөчөлүү адамдарды учураттым, анткени базарларда кыргыздарга жолуктум. Бир жигит менен дос болуп калдым, ал мени өзүнүн үйлөнүү тоюна чакырды. Кочкорго бардык. Бишкектен башка жакта жашагандардын турмушун көрдүм. Канткен менен, Бишкек өлкөнүн ичиндеги өлкө сыяктуу эмеспи. Кийин Ошто болдум, Ысык-Көлдү кыдырдым, Караколду көрдүм. Тоолордо жүрдүм. Мен тоолорду жакшы көрөм, ошондуктан кайра баргым келет, анткени окуп жүрүп, тоого көп чыга алган жокмун.

Жаңыл Жусубжан: Көп кишилер силер окуп келген Бишкектеги Борбор Азиялык Америкалык университетти мактап калышат. Буга көз карашыңар кандай?

Мартин Булла: Деңгээли абдан жакшы деп ойлойм. Менимче, алтургай, Прагадагы Нью-Йорк университетинен да жакшы окуу жай. Америкалык университеттин провосту (ректору) Камила Дүйшөбаевна (Шаршекеева) университеттин деңгээлин көтөрүп, студенттердин жакшы окушу, билим деңгээлин жакшыртуу үчүн көп аракет жасайт. Мен барганда, чынында да, окуу жайдын деңгээлине баа бердим.

Жаңыл Жусубжан: Урматтуу угармандар, сиздер Азаттыктын "Турмуш белестери" радио-журналынан чехиялык студент Мартин Булла менен маекти угуп жатасыздар. Мартин, Кыргызстанда жаштардын көйгөйлөрүнө мамлекет көңүл бурбайт, жумушсуздук көп, билим деңгээли төмөндөп баратат деген сыяктуу пикирлер айтылып жүрөт. Кыргызстанда жүргөндө жаштардын жашоосу тууралуу силерде кандай пикир түзүлдү?

Мартин Булла: Өзүм угуп билгенден, мени айрыкча университеттердеги терең тамыр жайган коррупция иренжи кылды. Студент баа алыш үчүн акча алып келет экен. Эгер мугалим албай койсо, ректор алып, баа коюп берет экен. Бизде, чех университеттеринде да балким (паракорлук) бардыр, бирок мен эч качан уккан эмесмин.

Жаңыл Жусубжан: Мартин, башкача айтканда силер чех университетинде жалкоолонуп окубай коюп, анан ата-энеңди кыйнап, мугалимге акча берип баа койдурганды элестете албайт экенсиң да?

Мартин Булла: Ооба, мындайды элестете албайм. Кыргызстанда акча менен баарын чечсе болот экен.

Жаңыл Жусубжан: Кыргызстанда акчасы көп киши көп бекен?

Мартин Булла: Билбейм, андайларды көп көргөн жокмун, бирок акчасы жоктор толтура. Акчасы көптөр да бар. Бирок алардын ортосунда орто байлар жок. Бул жакшы эмес. Ошондой эле мен мамлекет жаштар үчүн зарыл болгондун баарын даядап бере алат деп ойлобойм.

Жаңыл Жусубжан: Кыргызстанда көп жаштар чет жактарга кеткилери келет деп айтышат, ушул чынбы?

Мартин Булла: Ооба, бул чоң проблема. Кыргызстандагы бүгүнкү абалдан алганда, мен да жогорку билимдүү кыргыз болсом, балким, ал жакта жашагым келмек эмес. Анткени, мисалы Чехияда айлык көбүрөөк, жашоосу түзүгүрөөк. Кыргызстан үчүн бул жакшы эмес, анткени билимдүү адамдар кетип жаткандыктан саясатта, экономикада иштей турган киши жок калууда. (Ошол эле кезде, кыргыздарга) мындай абалдан чыгуу азыр кыйын го деп ойлойм.

Жаңыл Жусубжан: Мартин, Кыргызстанда жаштарга кыйын дедиңер, ошол эле кезде кайра кайтып баргыңар келет.

Мартин Булла: Мен кайтып баргым келгени Кыргызстан мага абдан жагып калды, ал жакта элдер Европадагыдан башкача. Ошол эле базарда отурган адамдар башкача. Европада ар ким өз кара жаны менен алек, кызматын, акчасын ойлойт. Ал эми мен жолуктурган кыргыздар үй-бүлөсүн, ички дүйнөсүн ойлойт. Акчаны да ойлошот, бирок акчанын кулу болуп калган эмес. Кыргызстанда мисалы кайыр сурап жүргөндөрдүн, балдар үйүндөгүлөрдүн арасында кыргыздар аз. Анткени алар үй-бүлө үчүн жашашат. Ошто, мисалы, эң кичүү уулу ата-энесин багат экен. Бир жагынан тагдырың башынан эле чечилип калганы жакшы эмес, бирок ошол эле убакта сени ата-энең багып өстүргөн да.

Жаңыл Жусубжан: Кыргыздар - чыгыш эли, көбү өзүн мусулман деп эсептейт, орустар аркылуу европалык маданиятка да жуукташкан. Мартин, силер кыргыздарды ким деп мүнөздөйт элеңер?

Мартин Булла: Мен үчүн кыргыздар азиялык эл, бирок мусулман экени башка маселе. Алар өздөрүн мусулманбыз дешет. Бирок, менимче, кыргыздар биринчи кезекте тоолук эл. Алар мусулманчылыктын эрежелерин сакташпайт, кээлери мечитке барат, бирок Кыргызстан ислам өлкөсү экени кагазда гана жазылган. Бир жагынан ушул деле туура го. Анткени айрым (нагыз) ислам өлкөлөрүнө салыштырганда, аялдарга кыйла жакшы мамиле кылышат. Мен (кыргыз) аялдарынын жогору статусуна таң бердим.

Жаңыл Жусубжан: Кыргызстанда жаштар арасында аракечтик, баңгичилик көбөйдү дешет. Силерге кандай сезилди?

Мартин Булла: Бизде, Чех Жумуриятында деле ушундай деп ойлойм. Орто мектептин бүтүрүүчү классында окуган балдардын билбегени жок экенин көрүп туруп, төбө чачың тик турат. Кыргызстанда бир айырмасы - жаштар, өспүрүмдөр бош убактысын өткөрө турган жайлар жокко эсе. Ошондуктан көчөдө басып, ар нерсеге барышат. Бул эми пост-коммунисттик өлкөлөрдүн көбүнө мүнөздүү көрүнүш, бизде да ушул проблема бар.

Жаңыл Жусубжан: Бир жери, Чехияда маң заттарын селдей каптаткан Ооганстандай коңшусу жок.

Мартин Булла: (күлүп) Ал туура, ал жок.

Жаңыл Жусубжан: Мартин Була азыр Прагадагы Нью-Йорк университетинде бизнести уюштуруу адистигин үйрөнүп жатат. Окуусунда жарандык коомду изилдөөгө басым жасап, бейөкмөт уюмдарды башкарууну өздөштүрмөкчү. Мындай уюмдардын ичинен, биринчи кезекте, экология проблемалары менен алектенген уюмдарга кызыгат.

XS
SM
MD
LG