Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

ИСЛАМ ФУНДАМЕНТАЛИСТТЕРИ КИМДЕР?


Фундаменталист деген термин алгачкы ирет өткөн кылымдын 20-жылдарында Америка Кошмо Штаттарында пайда болгон тарса-христиандардын диний кыймылынын мүчөлөрүнө жана жактоочуларына карата колдонулган. Термин кийинчерээк динге өтө берилген жана диндин баштапкы тазалыгын сактоого чакырган адамдар жөнүндө сөз болгондо да пайдаланылчу болгон. Ислам фундаменталистери кимдер?

Бүгүн дүйнө жүзүндө 1 миллиард 900 миллионго жакын мусулман бар. Мынча элдин баарын мусулмандыктын беш парзын бузбай аткарган такыба динзар деп айтуу жаңылыштык болор эле. Бирок такыба динзарларды фундаменталист деп каралоо фактылары жок эмес. Фундаменталисттер өзү кимдер? Суроого илимпоздор ар кандай түшүндүрмө беришет.

Кошмо Штаттарындагы Жоржтаун университетинин профессору, ислам динине арналган көптөгөн китептердин автору Жон Эспозито диний фундаменталисттер жөнүндө мындай дейт.

- Менин оюмча, фундаментализм деген терминди кеңири маанисинде алганда, баарынан мурда, өз динин, анын негизин таза карманууга умтулган адамдарга колдонобуз. Алсак, тарсалар үчүн диндин негизи “Тоорат”, ал эми мусулмандар үчүн “Куран” болот. Анын бир аргументи, бардык мусулмандар өз динибиздин негизине баралы дешет.

Ж. Эспозито ушул негизде бардык мусулмандарды, алар сөздүн чыныгы маанисинде фундаменталист болушпаса да, фундаменталисттердин лагерине кошот.
Учурда Прагада жашап жаткан ислам аалымы, теги ооганстандык Абдул Жалалинин айтышынча:

- Мусулман болууну каалаган адам биринчи кезекте Кудайдын кудуретине жана дүйнөдөгү бардык адамдарга жол көрсөткүч катары Мухаммед пайгамбарга вахий (ачылыш болуп) түшкөн кудайдын ыйык китебине ишенүүсү шарт.

Абдул Жалали диний фундаментализмди диний экстремизм менен бөлбөй караган көз караштарга макул эмес жана жаңылыштык деп санайт:

- Исламда экстремизм фундаментализмдин бир бөлүгү эмес жана анын бөлүгү боло да албайт. Жалпы жөнүнөн алганда, экстремизм жаңылыштык жана анын ислам менен чыныгы байланышы жок. Экстремизм секулярдык жана саясый максатты көздөгөн адамдар тарабынан түзүлгөн саясый проблема.

Жон Эспозито болсо экстремисттерди фундаменталисттердин согушчул бир агымы катары түшүнөт:

- Мен экстремисттерди фундаменталисттердин согушчул бир тобу иретинде карайт элем. Мисалы, сиз оңчул тарсалардын кыймылы деп билген адамдарды биз тарса фундаменталисттери деп атайбыз. Алардын көпчүлүгү баптисттердин ибаратчылары болушу мүмкүн жана экинчи бирөөлөр аларды тарсалар деп билишет. Экстремисттер баптистердин динин алышат да, аны жек көрүндү согушчул динге айлантып жиберишет.

Эспозитонун сөзүнчө, диний фундаментализм жакырчылык, наамалык жана үмүтсүздүк менен жуурулушса, зобун иштерге алып барат. Буга түндүк ирландиялык католиктер менен протестанттар ортосундагы 80 жылга жакындап бараткан кандуу калабалар далил. Саясый жана экономикалык кырдаал да түрдүү араздашууларга түрткү болот.

- Менин оюмча, бүгүнкү Нигерияда да ушундай болууда. Нигериянын түндүгү менен түштүгү, мусулмандар менен тарсалардын ортосундагы чатактын башаты саясый жана экономикалык кырдаалдан улам келип чыккан. Бирок чатак адамдардын диний өзгөчөлүгүнүн туундусу катары жарылып чыкты, - деп бүтүм чыгарат профессор Эспозито.

Кызыгы, биз бардык мусулмандарды тарсалар сыяктуу эле фундаменталисттер деп бир “казанга сала” албайбыз. Ислам дининдеги түрдүү агымдарды коюп, суннилер менен шийилерди алып карасак, суннилер Мухаммед пайгамбардын мураскери деп анын биринчи төрт халифин билишсе, шийилер Мухаммеддин күйөө баласы Алини пайгамбардын бирден бир мураскери катары таанышат.
XS
SM
MD
LG