БИШКЕК. 13-14-мартта Бишкекте Казакстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Тажистандын эксперттери «Камбарата-1», «Камбарата-2» гидроэлектр станцияларынын курулушун бүткөрүүнүн биргелешкен долбоорун иштеп чыгуу максатында жолугушуу өткөрүшөт. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарына караганда, аталган электр станцияларын толук бүткөрүүгө, алдын-ала эсептөөлөр боюнча, 1 миллиард 700 миллион доллар жумшалат. Аталган курулушту бүткөрүүгө, Борбордук Азия өлкөлөрүнөн тышкары, Орусия жана Дүйнөлүк Банк да катышаары күтүлөт.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов