Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Кыргызстанда жабыркаган аялдардын жарымы - өз үй-бүлөсүнөн запкы көргөндөр


БИШКЕК. Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү аялдарга каршы зомбулукту түп-тамырынан бери жок кылыш үчүн аялдар уюмдарынын Бириккен Улуттар Уюмуна грант сурап кайрылган 60 сунушунун он беши февралдын этегинде колдоо тапты. Бул тууралуу «АКИ-пресс» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында БУУнун Аялдарды өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү кабарлашты. Алардын катарында президенттик администрациянын алдындагы Аялдар, үй-бүлө, гендердик өнүгүү боюнча катчылык, аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча Ош облустук комиссиясы жана «КМШдагы аялдардын бейөкмөт уюмдарынын ассамблеясынын» эл аралык ассоциациясы бар. Калган 12 долбоордун алтоо Өзбекстанга, алтоо Казакстан менен Тажикстанга туура келет.
Маалымат жыйынындагы билдирүүлөргө караганда, Кыргызстанда 2002-жылы 30 миң аял зомбулук көргөн. Алардын 50% - үй-бүлөсүндө запкы тарткандар. Ал эми киши колдуу болуп өлгөн аялдардын 15% күйөөлөрүнүн зомбулугунан мерт болушкан.

XS
SM
MD
LG