Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:21

Укук коргоочу Т. Акундун баласын белгисиз бирөөлөр сабап кетишти


БИШКЕК. Шаршемби күнү кечинде «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын төрага орун басары, укук коргоочу Турсунбек Акундун экинчи класста окуган баласы Нургазы Турсунбек уулун белгисиз бирөө катуу нерсе менен уруп, башын жарган. Натыйжада эс-учун жоготкон бала «тез жардам» машинасы менен ооруканага жеткирилип, жарылган башы тигилген. Бул тууралуу бейшемби күнү Турсунбек Акун кабарлады. Укук коргоочунун айтымында, мындай окуя анын бийликке каршы аракеттери менен байланыштуу болушу ыктымал. «Азырынча ким чапканы белгисиз. Бул окуя атайын иликтениши керек. Мен саясатта активдүү жүргөндөн кийин бул ошого да байланыштуу болушу мүмкүн», - деди Турсунбек Акун. Ал эми Кыргызстандагы Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиеванын пикиринде, мындай окуяны жаш балдардын бейбаштыгы катары караш керек жана аны саясат менен байлаштырыш туура эмес. Ушул эле күнү Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын күзөттөгү кызматкери Бакыт Касымбаев, бул окуя туурасында Турсунбек Акун милицияга кайрылбагандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG