Студент өзүнүн үстүнө бензин куйуп туруп, өрт койгон. Студенттин үстүндөгү өрттү өтүп бараткан эки киши өчүрүп, тез жардам чакырышкан. Бирок студент ооруканага жеткирилгенден бир саат өтпөй жан берди. ЧТК кабар агенттиги студент саясий себептен жанын кыйганын жана бул акциясынын себеби жөнүндө интернетке жазып калтырган катында баяндаганын айтат. Катка ылайык, студент бул аракети менен дүйнө жүзүндөгү жана Чехиядагы саясий окуялардын өнүгүшүнө каршылык көрсөткөн. 1969- жылы Чехияда Ян Палах деген студент советтик оккупацияга каршылык билдирип, өрттөнүп өлгөн. Бүгүнкү окуя Ян Палах өрттөнгөн жерден алыс эмес жерде болду.