Күбөлөрдүн айтымында, 8 киши танкага тепсетилип өлтүрүлдү. Дагы үч араб ок атышууда курман болду. Израилдин армиясы рейд учурунда “Хамас” тобунун жетекчиси камакка алынганын маалымдайт. Израилдик аскерлердин түн жамынып жүргүзгөн аскердик чабуулу кечээ Хайфада жасалган террордук кол салууга Израилдин берген жообу болду. Хайфадагы террордук акциядан 15 киши набыт болду.