Мындан ары алар үйбүлөдөгү бардык окуялар,анын ичинде той-топур, өлүм-житим жөнүндө, андай иштерге катышкан тууган-уруктары, коноктору тууралуу жергиликтүү бийликтерге кабарлашы керек. Мындан тышкары ар бир турак үйгө өлкөнүн мамлекеттик желеги илинүүгө тийиш, Ашхабаддын ар бир тургуну үй алдына эки дарак тигип, көкжайыкта гүл өстүрүүгө милдеткер. Шаардын тургундарына ошондой эле өз ара араздашпай, ынтымак-ырашкерликте жашаганга көрсөтмө берилди.