Оппозициялык кандидат Степан Демирчяндын миңдеген тарапкерлери шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатышат. Президент Роберт Кочаряндын шайлоо штабынын башчысы, өлкөнүн коргоо министри Сергей Саркисян демонстранттарга каршы күч колдонгонго аргасыз болорун эскертти. Андан мурдараак ал Армениядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы эл аралык стандарттарга ылайык келген жок деп тыянак жасашкан эл аралык байкоочуларды сынга алып, ОБСЕ менен ПАСЕ ”демократияны өзүнчө түшүнөт, биз өзүбүзчө түшүнөбүз”, деп билдирген эле. Армениядагы президенттик шайлоо Кошмо Штаттарды да терең өкүткө калтырды. Бул тууралуу мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучерге шилтеме жасап, АКШнын Армениядагы элчилиги билдирди.