Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:03

Чехиянын жаңы президенти Васлав Клаус бүгүн ант берип, ырасмий түрдө кызматына киришти


Ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө ал мурдакы президент Вацлав Гавел баштаган бардык өнөгөлүү иштерди улантканга сөз берди. Менин башкы максатым – мурдагы президент жасаган жакшы иштердин баарын улантууда турат,деп айтты Клаус. Чехия эмдиги жылы Евросоюзга мүчөлүккө алынат. Бул ишти Клаус жалпы чех бийликтеринин башкы максаты катары атады. Клаус 1992-97-жылдары өлкөнүн премьер-министри болгон жана президент Гавел менен көп учурда тил табыша алган эмес. Клаус азыркы өкмөттүк коалициядагы кризистен улам парламентте өткөн аптада үчүнчү жолку добуш берүүдө президент болуп шайланган эле.

XS
SM
MD
LG