Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

Сочиде орус жана грузин президенттери эки күндүк сүйлөшүүлөрүн аяктады


Владимир Путин менен Эдуард Шеварднадзенин биргелешкен билдирүүсүндө абхаз проблемасын жөнгө салуунун негизги багыттары аныкталды. Путиндин пикири боюнча, жаңжалдуу региондо бардык тарапты, эң алды менен андан жабыр тартып жаткан адамдарды тынчсызданткан проблемалардын, анын ичинде качкындардын абалына, алардын өз жерине кайтарылышына, ошондой эле Абхазия менен Грузиянын, бүткүл региондун саясий-экономикалык кызматташтыгына тиешеси бар иштердин чечилишине жаңыча демөөр берилиши зарыл. Талкууга Абхазиянын премьери Геннадий Гагулиа катышты. Сүйлөшүүлөрдө ошондой эле Панкиси капчыгайындагы кырдаал да талкууланды.

XS
SM
MD
LG