Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Ирак баштагыдай эле куралсызданбай, дүйнөлүк коомчулукту алдап жатат


Бул тууралуу кечээ Ак үйдө өткөн пресс-конфренцияда Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш билдирди. Президент ырастагандай, Кошмо Штаттары кырдаалды дипломатиялык чаралар менен жөнгө салганы акыркы аракеттерди жасап жатат. Буш ошону менен бирге ирак проблемасы боюнча союздаштар арасында пикир келишпестиктер бар экенин моюнга алды. Бирок алар жаңы резолюция Коопсуздук кеңешинде колго салынганда кантсе да колдоо көрсөтөрүнө ишенет. Буйруса көрөсүңөр, эгер биз Иракка каршы күч колдоно турган болсок, көп өлкөлөр биз тарапта болот, деп ишендирди Буш. Кокус резолюция Коопсуздук кеңешинде колдоо таппаса, анда Америка ООНдун ой-пикирине карабастан өз алдынча аракеттенет. Саддам Хусейн АКШга коркунуч туудурган күч, андыктан ал сөзсүз куралсыздандырылат, деп айтты Буш.

XS
SM
MD
LG