Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

ООНдун Коопсуздук кеңешинде эл аралык инспекторлордун башчысы Ханс Бликс отчет берди


Бликс Иракта инспекция уланышы керек, бирок чексиз мөөнөткө созула бербейт деп билдирди. Анын соңунан атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин – МАГАТЭнин директору Мухаммед ал-Барадей да сөз сүйлөп,ушундай пикирин билдирди. Докладдардан соң талкуулар башталды. Иракта инспекция ишин улантууну Франция, Германия жана Россия активдүү жактап жатышат. Кечээ алардын позициясына Кытай кошулду. Коопсуздук кеңеши Иракты күчкө салып куралсыздандырууну сунуш кылган резолюциянын долбоорун да бүгүн жабык режимде талкуулайт. Документти АКШ, Британия жана Испания жарнакташып иштеп чыгып, кеңештин кароосуна койгон.

XS
SM
MD
LG