Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Мыйзам чыгаруу жыйынына «Ош-3000» округунан шайланган депутат расмий катталды


БИШКЕК. Ош мамлекеттик университетинин проректору Мухтар Орозбеков № 35 «Ош-3000» шайлоо округунан Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болуп катталды. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жума күнкү отурумунда кабыл алынды. Аталган шайлоо округундагы шайлоонун экинчи туруна катышкан Муктар Орозбековго 18752 шайлоочу добуш берген. Ал эми анын атаандашы Бакиров Мамасадык 16622 шайлоочунун добушуна ээ болгон. Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул эле отурумунда, Баткен облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы П. Калилов өз арызы менен жумуштан кеткендигине байланыштуу анын ордуна Авазбек Жамалов дайындалды.

XS
SM
MD
LG