БИШКЕК. 7-мартта Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев баштаган аскердик делегациясы Түркия мамлекетине иш сапарын улантты. Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин кабарына караганда, бейшемби күнү Эсен Топоев бул өлкөнүн коргоо министри Вежди Гонул жана анын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Хилми Озкок менен жолугушту. Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын ортосунда «Аскер тарыхы, архив, музей жана аскердик басылмаларды биргелешип колдонуу» боюнча протоколго кол коюлду. Ал эми жума күнү Эсен Топоев Түркиянын Аскердик академиясынын жана атайын аскердик окуу жайынын студенттери жана окутуучулары менен жолугушту. Ушул эле күнү Кыргызстандын делегациясы өз мекенине кайтты.