Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:06

Жогорку Кеңеш жума күнү бир катар мыйзамдарды кабыл алды


БИШКЕК. «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзам долбоору келерки аптада талкуулана баштайт. Азыр мыйзамды палатанын мамлекеттик түзүлүш, депутаттык этика, регламент боюнча комитеттери карап жатат. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын 7-марттагы отурумунда палатанын төрагасы Абдыганы Эркебаев билдирди. Ал эми депутаттар бул күнү кыргыз өкмөтү сунуш кылган «Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөгү», «Калкты социалдык жактан камсыз кылуунун негиздери жөнүндөгү», депутат Адахан Мадумаров иштеп чыккан «Айлык маянаны, пенсияны жана жөлөк пулду, башка социалдык төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү камсыздоо тууралуу», Марат Султанов иштеп чыккан «Кыргыз Республикасынын Ош-Сарыташ-Эркечтам жолун реабилитациялоо долбоорунун артыкчылыктары жөнүндөгү» мыйзамдарды талкуулап кабыл алышты.
Учурда Ош-Сарыташ-Эркечтам автожолу Кыргызстан менен Синцзянь-Уйгур автономиялык районунун ортосундагы чакан соода үчүн пайдаланылууда. Марат Султановдун билдиргенине караганда, мыйзам ишке ашса бул жол келечекте Кытай менен Өзбекстандын ортосундагы транзиттик соода байланышын түзүп, ал өз кезегинде Кыргызстандын жол боюнда жайгашкан аймагындагы элинин жашоосун жакшыртууга шарт түзөт.

XS
SM
MD
LG