Аларды аргентин бийликтери 1994-жылы Буэнос-Айресте жөөттөрдүн соопкерчилик борборун жардырган деп айыпташат. Аталган адисада 85 киши набыт болгон эле. Айыпка кабылгандар арасында Ирандын коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Али Фаллахижан да бар. Аргентина мындан мурда дагы бир иран тургунун кармап, камакка алганга көрсөтмө берген эле.