Аларды Тунистин Жерба аралындагы террордук иштерге катышы бар дешет. Өткөн жылы апрелде аталган аралда жөөттөрдүн ибаадатканасында бомба жарылып, 21 киши апаат болгон эле.Алардын көбү чет элдик туристтер болушкан. Бул иш үчүн жоопкерчиликти “Ал-Каида” өзүнө алган. Террордук ишти франциялык атайын кызматтар териштирип жатышат. Алар америкалык тарапка кайрылып,жакында Пакистанда туткунга алынган Халид Шейх Мохаммедди Жербадагы окуяга байланыштуу суракка алууну өтүндү. Мохаммед ”Ал-Каиданын” структурасындагы үчүнчү адам, Жербадагы террорду уюштурганга дал Мохаммед буйрук берген болушу мүмкүн.