Линктер

шаршемби, 24-май, 2017 Бишкек убактысы 20:10

Мальтада бүгүн референдум өтүп жатат


Ага Евросоюзга кошулуу жөнүндөгү маселе коюлган.Коомдук пикирдин натыйжалары көрсөткөндөй, мальталыктардын 52 проценти өлкөнүн Евросоюзга мүчө болушун жактайт, 20 процентке жакыны - каршы. Мальта союзга мүчө болгонго ырасмий түрдө чакырык алган талапкер 10 өлкөнүн ичинен биринчи болуп бул маселе боюнча жалпы элдик референдум өткөрүүдө. Мындай иш-чаралар калган кандидат өлкөлөрдө да өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG