Ага Европада жашаган күрттөрдүн төрт миңдей өкүлү катышты. Демонстранттар Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн түндүк Иракка кирүү пландарына каршылык билдиришип, Евросоюздан буга жол бербөөнү талап кылышты. Эмиграциядагы күрттөрдүн ушундай эле талап койгон демонстрациясы кечээ Лондондо – британ премьери Тони Блэрдин кеңсеси алдында болуп өттү. Кокус Иракка каршы согуш башталса, Анкара күрттөр байырлаган түндүк Иракка аскер контингентин киргизүүнү болжолдоп жатат. Түркиянын мындай ниетин күрттөр агрессия катары баалашат.
Брюсселде Евросоюздун башкы кеңсеси алдында күрттөрдүн массалык демонстрациясы болуп өттү