Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Усама бин Ладендин эки уулу туткунга алынды деген кечээки кабарды америкалык өкүлдөр төгүнгө чыгарышты


Бул тууралуу Ак үйдүн өкүлү Ари Флайшер билдирди. Бин Ладендин эки уулу жарадар болуп,колго түштү деген кабарды Пакистандын Белужистан провинциясынын өкмөт өкүлү билдирген эле. Бирок кийин аны провинциянын жана Исламабад өкмөтүнүн ырасмий өкүлдөрү жокко чыгарышты. Пакистандын Ооганстан жана Иран менен чектешкен райондорунда бин Ладен менен “аль-Каиданын” башка да лидерлерин издөө боюнча операциялар уланып жатат. Ооганстандын түндүгүндө болсо өзбек жана пуштун тайпаларынын ортосунда уруштар тутанды. Фариаб провинциясындагы кагылыштар маалында эки тараптан тең ондогон адамдар набыт болгону айтылууда. Жаңжалдардын айынан ООНдун гуманитардык уюмдары түндүк Ооганстанда иштерин токтотконго аргасыз болушту.

XS
SM
MD
LG