Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

ООНдун коопсуздук кеңешинде Ирак боюнча жаңы резолюция эмдиги аптанын этегинде колго салынышы мүмкүн


Бул тууралуу Кошмо Штаттардын ООНдогу өкүлү Жон Негропонте билдирди. Коопсуздук кеңешинин кечээки жыйынында Кошмо Штаттары, Британия жана Испания толук куралсыздануу үчүн Иракка 17- мартка чейин акыркы мөөнөт берүүнү сунуш кылышты. Аталган үч өлкө коопсуздук кеңешине өздөрү киргизген резолюциянын долбооруна ушундай түзөтүү кошконго даяр экендигин ырасташты. Россия менен Франциянын өкүлдөрү азырынча Иракка ультиматум коюунун зарылдыгы жок деп эсептешет. Аскери инспекторлордун башчысы Ханс Бликс Багдаддын “Ал-Самуд-2” үлгүсүндөгү ракеталарын жок кылууга киришкенин маанилүү кадам деп атады. Ирактын бийликтери аталган ракеталарын жок кылуу боюнча иштер улантыла тургандыгын бүгүн да бышыкташты.

XS
SM
MD
LG