Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Ысыккөлдө «Ден соолук мектеби» медициналык гезити чыга баштады


«Ден соолук мектеби» медициналык эркин гезинин редактору Иличбек Элиевдин билдирген маалыматына караганда, аталган басылма облустук «Улукман» дарыгерлер коомдук бирикмесинин демилгеси менен жарык көрө баштады. Гезиттин алгачкы санына адам баласынын организимине байланыштуу, эң негизгиси ден соолукка өбөлгү болуучу илимий негизде аныкталган мелициналык кеңештер, СПИД жөнүндөгү актуалдуу материалдар жарыяланды. «Ден соолук мектеби» редколлегия мүчөлөрүнүн айтымында, медицина жана элдик табыпчылык боюнча кызыктуу материалдарга, ошондой эле сергек жашоого, генофондду жакшыртууга таасир берүүчү пайдалуу кеңештерге эркин ой жүгүртүүгө мүмкүн болгон сунуштарга орун бергендиги үчүн өз окурмандарын табат.

XS
SM
MD
LG