Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

Кыргыз-өзбек чекарасы боюнча өкмөттөр аралык комиссия ишин улантат


11-15-мартта Ташкенде кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо жана тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын отуруму болору күтүлүүдө. Айрым байкоочулардын пикирлерине караганда, тараптардын ортосунда чечүүнү талап кылган олуттуу маселелер көп болгондуктан, комиссиянын иши узакка созулушу ыктымал.
«Кыргызинфо» агенттигинин тышкы иштер министрлигине шилтеме берип тараткан 7-марттагы маалыматына караганда, министрлик «Кыргыз-ѳзбек чек арасында ишеним көрсөтүү чаралары жөнүндөгү меморандум» долбоорун Өзбекстан тышкы иштер министрлигине тапшырды. Анда кыргыз-өзбек чек арасындагы татаалдашкан кырдаалды жөнгө салуунун концепциясы сунушталган. Ал эми Баткен облусунун мамлекеттик жетекчилиги буга чейин чек арадагы миналар коюлган аймактарга белги коюу сунушу менен Фергана облустук жетекчилигине кайрылган. Кайрылуу катында Баткен губернатору коңшу облус жетекчилигинен мина жарылуулары алып келген чыгымдар үчүн 6 миллион доллар талап кылган. Өзбекстан эки өлкөнүн чек арасына миналарды «террорчулардын ыктымал чабуулунан коргонуу үчүн» деген себеп менен 1999-жылы койгон.

XS
SM
MD
LG