Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

Тажикстанда Жамааттык коопсуздук келишиминдеги өлкөлөрдүн мамлекет башчылары жолугушат


27-28-апрелде Тажикстанда Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчылары жолугушат. Жыйында Коопсуздук келишиминин алкагында даярдалып жаткан Кыргызстандын Кант аба майданына Орусиянын аскер күчтөрүн жайгаштыруу тууралуу келишимге кол коюлат. Келишим долбоору Орусия менен Кыргызстан парламенттерине ратификацияга жөнөтүлөт. Бул тууралуу ишемби күнү Коргоо министирлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Орусиянын бир нече аскердик учактары Кант аба майданына 2003-жылдын январь айынын башында келишкен. Орусиялык аскер адистери аба майдандын учурдагы абалы жакшы экендигин маалымдашкан. Жамааттык коопсуздук келишимине Орусия, Казакстан, Тажикстан, Белорусия, Армения, Кыргызстан киришет.

XS
SM
MD
LG