Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

ОРУС БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ


Төрөкул Дооров, Москва Кийинки күндөрү орусиялык гезиттерде жарык көргөн макалалардын мазмуну.

Жыйынтыкталып жаткан жаздын биринчи аптасы орусиялык басма сөз беттеринде көбүрөөк Шериктештиктеги өлкөлөрдүн алакаларына көңүлдүн бурулганын айгинеледи. КМШ, Бажы кеңеши, бир катар регионалдык уюмдардын тагдыры, ошондой эле алардын жардамы менен орундала турган, же орундалбай турган максаттар туурасында «Российские вести» (05.03.03), «Столичная вечерняя газета» (04.03.03), «Коммерсант» (01.03.03), «Красная звезда» (06.03.03), «Время новостей» (06.03.03) жана бир катар башка гезиттер жума бою тынбай жазып турушту.

Негизинен аталган басылмаларда жарык көргөн макалалар «кандай гана аталыштагы уюмдар түзүлбөсүн, алардын жалпы максаттары жана биргеликте жетишиле турган ийгиликтери канчалык деңгээлде кыйкырыкты, үмүттү жаратпасын, акыр аягында натыйжасыздыгын көрсөтө тургандыгы анык» деген тыянакка келет «Столичная» гезити. Макалада Казахстандык саясий изилдөөчү Нурбулат Массановдун КМШ алкагында түзүлгөн ич-ара карым катнашка карата баасы берилди. Анын пикиринде, буга чейин көптөгөн жергиликтүү жана эл-аралык эксперттер тарабынан эң натыйжалуу деп табылган экономикалык байланыштар жана эки тараптуу сүйлөшүүлөр анча деле пайдага турбайт имиш. «Анткени, ар бир өлкө эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө да жалаң гана өзүнүн саясий жана экономикалык кызыкчылыгын ойлойт. Мындай мамиле, өз кезегинде, алардын бири-бирине болгон кызматташтык эмес, көбүрөөк атаандаштык сезимин пайда кылат» дейт профессор.

Ал эми улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов «Независимая газетага» берген интервьюсунда, ал мындай пессимисттик көз караштагы ойго каршы экендигин билдирди. Акыркы он жыл ичинде көбүрөөк дипломатиялык жана саясий ишмердүүлүк менен алектенип келаткан белгилүү жазуучунун оюнда, Евразиялык экономикалык кызматташтыгынан көптөгөн ийгиликти күтүүгө болот. «ЕврАзЭс - бул Орусия жана ал менен терең байланышта турган жумурияттар. Андыктан алардын жыргалдуу турмушуна биргеликтеги аракеттер менен гана жетүүгө болот.»

Жазуучунун оюн улаган маалымат ушул жумада орусиялык «Бизнес газетада» берилди. Анда Орусия менен Кыргызстан ортосунда экономикалык кызматташтык өнүгүү жолунда экендиги айтылат. Мисалы, былтыркы жылы Кыргызстандын Орусияга жасаган соода экспортунун көлөмү төрт эсе жогорулаган экен. Ошол эле учурда, жакында өткөн ЕврАзЭс форумунда айтылган Кыргызстандын жалпы КМШ мейкиндигиндеги төмөн экономикалык көрсөткүчү туурасындагы маалымат эстен чыга элек.

Ал эми постсоветтик мейкиндикке кирген жумурияттардын аскерий кызматташтыгына анализ жасаган «Красная звезда» гезитинин жазганына караганда, баардык өлкөлөр ичинде Орусия менен Казахстан акыркы он жылда өздөрүнүн аскерий потенциалын жогорку деңгээлде кармоого жетишиптир. «Алардын Кытай Эл республикасына сатышкан аскерий курал-жарактарынын көлөмү да бул жыйынтыкка ачык далил» деп жазат гезит.

«Борбордук Азия регионундагы эки өлкө: Кыргызстан менен Өзбекстандагы маалымат каражаттары эски советтик журналистиканын тартиби боюнча өздөрүнүн мамлекет башчыларын макташат» деген ойдо экендигин билдирет «Российские вести». Гезит жазгандай, аталган эки өлкөдө мамлекеттик маалымат каражаттары реалдуу турмуш картинасы кайсыл тарапка ообосун, мамлекет гаранттыгын алган адамдардын образын эч качан жаман атты кылганга барышпайт. Жума күнү «Коммерсант» гезити: «Массалык түрдө жүргүзүлүп келаткан мындай пропаганда жалпы эле Орто Азия элдеринин бийликке карата мамилесин да жөнгө салып турат», - деп жазды. Анын «Дүйнөлүк практика» аталышындагы рубрикасында КМШ мамлекеттеринин акыркы он жыл ичинде Президент жана Өкмөт башчыларына көрсөтүшкөн ишеними, же алардын санына карата жүргүзгөн иликтөөсү басылды. Жыйынтыгында региондогу беш өлкөдө ушул мөөнөт ичинде мамлекет башчылары бир жолу да алмашпагандыгы айтылат. Ошол эле учурда Өкмөт башчылары бир эле Кыргызстанда 8 ирет алмашылыптыр. «Бул да болсо Азиянын саясий өзгөчөлүгү болсо керек» дейт «Коммерсант».

Дагы бир кызыктуу макала шаршемби күнү «Москосвкие новости» гезитинин интернет басылмасынан орун алды. Анда Бишкектеги «Дело №» гезитин «кыргыз» сөзүн «киргиз» деп жазганы үчүн Бишкек тургуну Тезекбаевдин сотко арыз менен кайрылгандыгы тууралуу кеп болот. Акыр аягында соттун «гезит мындан ары «кыргыз» деген сөздөн башталуучу баардык сөздөрдү өлкөнүн Баш мыйзамынын негизинде «ы» тамгасы менен жазуусу керек» деген чечимин автор орусиялык басылмаларда да ыктымал жаралуучу коркунуч менен байланыштырат. «Бүгүн кыргыз соту мындай кайрылууну туура деп тапкан болсо, эртең эле Башкыртстанды «Башкирия» деп жазып жүрүшкөн орус гезитерин да сотко чыкырып калышпайбы?» деп бийлик өкүлдөрүнө суроо койот автор. Аталган суроого жообун берген Мамлекеттик думанын маалымат саясаты боюнча жоопкери Борис Резник «Бул иш соттун иши эмес, ар ким өзүнүн сабаттуулугунун үстүндө иштесе, мындай проблеманын жаралуусу мүмкүн эмес» деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG