Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

8-марттагы аялдардын жүрүштөрү


Бул күнү көп өлкөлөрдө дискриминацияга, зордук-зомбулукка, бойдон алдырууну чектеген мыйзамдарга жана Ирактагы согушка каршы демонстрациялар менен белгиленди.
Парижде, Лиссабондо, Римде, Варшавада жана башка европалык борборлордо аялдар эркектер менен бирдей социалдык жана саясий укуктарды талап кылышты.
Болгарияда, Венгрияда жана Түркияда аялдар АКШнын Иракка согуш ачуу планына нааразылык билдиришти. Согушка каршы маанай Жакынкы Чыгышта да күчтүү болду. Арменияда президент Роберт Кочеряндын кайра шайланышына каршы жүрүшкө беш миң чакты аял катышты.
Бул акциялар негизинен тынч өттү. Бир гана Зимбабведе полиция демонстранттар менен кагылышты, алты аял жараат алды, 19у түрмөгө түштү.

XS
SM
MD
LG