Алдын ала маалыматтарга ылайык, Жер Ортолук деңизиндеги бул арал өлкөдө кечээки референдумга эл абдан жакшы катышып, тизмедеги шайлоочулардын 91 пайызы келди. Алардын 53 пайызы Европа Биримдигине кирүү үчүн добуш берди, ал эми буга каршы чыккандар 45 пайызды түздү.