Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

КЕҢИРИ КЫРУУЧУ КУРАЛ ЭҢ БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ БАЛДАР ҮЧҮН ЗЫЯНДУУ


Нарын АЙЫП, Прага 2001-жылдын 11-сентябрында Америка Кошмо Штаттарына каршы террордук чабуул жасалгандан кийин окумуштуулар кеңири кыруучу куралдын карапайым элге каршы ыктымал колдонулушунун кесепеттерин изилдөөгө көп көңүл бурууда. Алардын айтымында, эгерде химиялык же биологиялык курал колдонулса, андан жаш балдар өтө көп зыян тартат.

Сентябрдагы террордук чабуулдардан кийин АКШнын ар башка мекемелерине күйдүргүнүн улпагы жана башка зыяндуу химиялык заттар салынган каттар келип түшүп, аларды кармаган кээ бир адамдар каза болгону да белгилүү. Террорчулардын колуна кеңири кыргын салуучу куралдын тийбеши үчүн күрөш - бардык мамлекеттердин учурдагы эң негизги милдеттеринин бири. Террор аракеттерин уюштуруу үчүн алар эң биринчи кезекте химиялык же биологиялык куралга ээ болууга умтулат жана окумуштуулар ал тууралуу тынчсызданып, андай химиялык чабуулга мүмкүн болушунча даяр болууга аракеттенгени түшүнүктүү.

Жакында АКШнын Жорж Вaшингтон атындагы университетинде кеңири кыруучу куралдын элге тийгизе ала турган зыяны жана андан кантип коргонуу керектигине арналган эл аралык конференция болуп өттү. "Азаттык" үналгысынын ал конференцияга катышкан кабарчысы Соня Хаазенин айтымында, окумуштуулар азыркы абал тууралуу өтө тынчсызданат, анткени коом ыктымал боло турган химиялык чабуулга дээрлик даяр эмес.

Даяр болсо дагы, андай чабуулдун кесепеттерин жоюу багытында иштеген мекемелер - элдин баарына бирдей гана мамиле кылууга ылайыкташтырылган, бирок коомдо аялдар жана эркектер, карылар жана жаш балдар бар, химиялык же биологиялык курал болсо аларга ар башка таасир этет.

Конференцияда чыгып сүйлөгөн Филип Ландригандын айтымында, химиялык курал жаш балдар үчүн өзгөчө зыяндуу: "Салмагына салыштырмалуу санаганда, жаш балдар чоңдорго караганда алда канча көп дем алат, ошондуктан, абага уулуу зат чачылса, чоңдорго караганда жаш балдар алда канча көп зыян тартат. Андан тышкары, жаш балдардын териси да жукараак жана уулуу зат алардын денесине - тери аркылуу оңоюураак сиңет".

Ландриган - Нью-Йорк шаарындагы Маунт Синай институтундагы "Балдардын ден соолугу жана экология борборунун" деректири. Анын айтымында, курал катары пайдаланылуучу көпчүлүк уулуу газдар жерден 30-40 сантиметр бийиктикте чогулат, бирок дал ушул бийиктик - жаш балдар дем алган деңгээл. Аны менен катар, жаш балдардын ички органдары калыптана элек, назик болгондуктан, химиялык заттардын таасири алар үчүн өзгөчө күчтүү.

Албетте, ар бир өлкөдө атайын балдар ооруканалары жана бейтапканалары бар, бирок тез жардам көрсөтүүчү жерлерде балдарга ылайыкташтырылган жайлар аз. Андан тышкары, андай тез жардам түйүндөрүндө Америкада оорулууларды жогорку басымдагы абанын агымы менен тазалайт, бирок мындай ыкма жаш балдар үчүн такыр ылайыксыз. Уулуу заттардан коргонуу үчүн кийиле турган кийим дагы көбүнчө чоңдор үчүн ылайыкташтырылган жана бул багытта дагы атайын аракеттер көрүлүүгө тийиш.

Вашингтон университетинде өткөн конференцияда химиялык чабуулга америкалык коом толук даяр болуш үчүн, дагы бир топ иш жасалып, кошумча изилдөөлөр керек деген пикирлер айтылды. Анткен менен, АКШ жетекчилиги элди ар башка химиялык заттарга каршы эмдөө үчүн бир топ орчундуу аракет көрдү жана химиялык менен биологиялык куралдан сактануу чаралары үчүн үстүбүздөгү жылы эле өкмөт тарабынан алты миллиард доллар бөлүнгөн. Анын бир жарым миллиард доллары илимий-изилдөө иштерине сарпталат.

XS
SM
MD
LG