Сапармурад Ниязовдун эки күнкү расмий иш сапар учурунда Иран менен Түркмөнстандын жетекчилиги эки тараптуу кызматташтык маселелерин, газ соодасына байланышкан долбоорлорду талкуулашат. Ошондой эле сүйлөшүүлөрдө Каспий деңизинин статусу жөнүндө да сөз болот. Каспийдин жээктеген беш өлкө азырынча деңиздин түбүндөгү кен - байлыктарды бөлүштүрүү маселеси боюнча мунасага жете элек.